From Wikipedia, the free encyclopedia
"Алтын йарук" – буддизм динин жайылтуу үчүн кытай тилинен түрк тилине которулуп, уйгур жазмасында жазылган 10-кылымга таандык чыгарма (сутра). 1909–11-жылдары Малов, Сергей Ефимович Чыгыш Түркстандан жана Гансудан байыркы уйгур жазмасындагы кол жазмаларды тапкан, анын ичинде өзгөчө баалуусу уйгурлардын арасында кеңири тараган буддизмдин жазма эстелиги «Алтын йарук.» («Алтын жарык») болгон.
Параметр text не задан |
Чыгарманын бир нече нускасын Турпан оазисинен прусс экспедициясы да тапкан. «Алтын йарукту» алгач Бешбалык шаарынын тургуну Сыкоку Сели Тудунг которгон. Сутранын сактап калуучулук күчү бар деген ишеним буддизмди тутунган уйгурлар тарабынан аздектелип, бир канча ирет көчүрүлгөн.
Сутрада кол жазманын качан жана кайсыл жерде көчүрүлгөнү, соопчулук үчүн көчүрүп берүүнү суранган жана көчүргөн адамдын аты-жөнү жазылган. Мисалы «26-жылы жогорку даражалуу Кансинин башкаруу мезгилинде (1687) мен бактысыз Ратка Вачир Шаби, менин ата-энелеримди (ар балээден) кутултуу жана куткаруу үчүн жазып бүтүрдүм» – деген маалымат жазылган. Бул маалыматтар 17–18-кылымдарда уйгурларда буддизмдин таасири бекем сакталып тургандыгын ырастайт.
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.